• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сосновкада 3 кг гашиш менен бир жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. КР ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Сосновка айылынан Жалал-Абад облусунун жашоочусунун унаасынан 3 кг 355 грамм гашиш табышкан. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирет.

«Субару Легаси» маркасындагы унааны текшерүүдө өсүмдүктөн алынган зат табылып, текшерүүдөн кийин гашиш экендиги белгилүү болду. Алынган баңги затынын жалпы салмагы 3 кг 355 граммды түзөт.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий