• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сосновкада оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Бишкек-Ош жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Чектөө кечээ, 28-ноябрда саат 18:00дөн тартып киргизилген. Аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам жолдор тайгак болуп, жол кырсыктарынын келип чыгуу коркунучу бар. Учур постто 80ден ашуун оор жүк ташуучу унаа токтоп турат.

Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан Чычкан жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постторунда да чектөөлөр киргизилип, 40ка жакын оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.

Пикир

Оставить комментарий