• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрь күнү саат 9:30дан баштап Сосновка пунктунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолдорунда кардын калың жаап жаткандыгына байланыштуу Төө-Ашуунун 127-128-чакырымдарында жол тыгындары орун алган. Ага байланыштуу Сосновка , Чычкан жайларында жана Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Кызматкерлер жолдорду атайын техникалык каражаттар менен сүрүп тазалоо жана карды эритүүчү туз өңдүү инерттик каражаттарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий