• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 4-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министра Жеңиш Разаковдун төрагалыгы астында Кыргызстанда сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча кабыл алынган иш-чаралар алкагында укуктук-нормативдик актыларды ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эске салгандай, 2012-жылдын 8-августундагы №147- “Кыргыз Республикасында сот адилеттигин жакшыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, өлкөдө сот тутумун реформалоо боюнча сунуштар иштелип чыккан жана реформалоо багытында башкы милдеттер аныкталган.

Аталган сунуштамаларды жана тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн курамында жогорку кесипкөй юристтер, прокурорлор, көз карандысыз адвокаттар, эл аралык эксперттер, укук тармагынын окумуштуулары, жарандык коомдук өкүлдөрү жана укук коргоо уюмдары тартылган эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Соттук реформа боюнча негизги багыттагы аталган эксперттик топ тарабынан бир катар укуктук-нормативдик актылар иштелип чыкты. Атап айтканда: Кылмыш кодекси, Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза аткаруу, Жарандык –процессуалдык, Административдик-процессуалдык кодекси, Бузуулар жөнүндө Кодекс, “ сот жана сот аткаруучулар статусун коргоо жөнүндө» жана «Мунапыс берүүнүн жана аны колдонуу тартиби негиздери жөнүндө» мыйзамдар.

«Белгиленген өзгөрүүлөр соттордун жоопкерчилигин, анын ичинде, көз карандысыздыгын күчөтүүнү бекемдөө, кылмыш-укук мыйзамдуулугун гумандаштыруу,,соттук чечимдерди аткаруу жана укук аспектилеринин натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу коом жана жалпы мамлекет үчүн маанилүү болуп саналат», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Иштелип чыккан мыйзам долбоорлору 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон.

«Координациялык кеңештин астында кабыл алынган мыйзамдарды мыйзам астындагы актылардын жолунда ишке ашырууну камсыздоо, базалык институционалдык негизин түзүү иштери турат. Бул сот системасынын ишин жана аны ишке ашыруу боюнча жарыяланган саясатты ишке ашырууну баштоого алып келет», -деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.

Жыйында жарандык жана кылмыш-жаза багытындагы мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш чаралар планынын долбоору каралды. Ошондой эле бул багытта ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү, анын ичине министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, Башкы прокуратура, Жогорку сот, соттук департамант, Сот адилеттиги жогорку мектеби жана укук тармагындагы окумуштуулардан турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында жогорудагы мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын долбоорун кайра иштеп чыгуу жана Координациялык кеңештин бекитүүсүнө киргизүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий