• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сот аткаруучу аткезчилик менен келген өрдөк этин жок кылбай, 150 миң долларга сатып жиберген

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучусу С.Н.А кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныкташты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, былтыр 23-май күнү Биринчи май райондук соту аткезчилик менен алынып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу тууралуу чечим чыгарган. Чечимди жүзөгө ашыруу сот аткаруучу С.Н.Ага жүктөлгөн.

Маалыматка ылайык, сот аткаруучу 70 тонна эттин болгону 5 тоннасын жок кылып, калганын 150 миң долларга сатып жиберген.

Кармалган сот аткаруучу Жазык кодексинин 98-беренеси боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий