• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сот Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча ишти кайра карайт

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Биринчи инстанциядагы сот Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча чечимди карап чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлда Бишкек шаардык соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча тергөө ишин токтотуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды.

Иш биринчи инстанциядагы сотко жаңы кароого жөнөтүлдү.

Эскерке кетсек, укук коргоочу Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда абакта көз жумган.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь окуялары жана 2010-жылдын 15-сентябры күндөрү массалык башаламандыкты уюштурган жана адам өлтүргөн деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий