• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын арызын канааттандырды. Партия шайлоого катышат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга карата жазган арызын канааттандырды. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого катышат.

Административдик сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын арызын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын аталган партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров партиянын талапкерлеринин тизмесин өзгөртүп, аны тизмеден чыгарып салганын билдирип, БШКдан "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тартуусун талап кылган.

БШК "Бүтүн Кыргызстан" партиясы талапкерлердин тизмесин түзүүдө тартипти бузган деп жүйөө менен аларды каттоодон өткөрбөй койгон.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий