• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сот блогер Сыдыманды актады

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Бишкек шаардык Октябрь райондук соту кечээ Сыдыман каймана аты менен белгилүү Элмирбек Сыдымановдун ишин карады.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь райондук сотунун чечими менен айыпталуучу акталды.

Эскерте кетсек, 1997-жылы туулган Э.Сыдыманов Бишкек шаардык Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кармалган.

Шектүү өзүнүн Instagram баракчасында түз эфирде өлкөнүн айрым облустарынын жашоочуларынын дарегине терс сөздөрдү айткан.

Кийин Башкы прокуратура айыптоодон баш тарткан, анткени соттук-лингвистикалык экспертиза анын сөздөрүнөн аймактар аралык кастыкты козутуучу жана зордук-зомбулукка чакыруунун белгилерин тапкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий