• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сот Болот Темировду эки иш боюнча актап, бир берене боюнча айыптуу деп тапты

Коом 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту жыйынтыкталды.

Соттон билдиришкендей, Свердлов райондук сотунун чечими менен Темиров эки иш боюнча акталып, бир берене боюнча айыптуу деп табылды. Тактап айтканда, баңгизат жана алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу экендиги айтылып, эки берене боюнча акталды. Документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп табылып, бирок жаза чарасы чегерилбей турган болду.

Эскерте кетсек, Болот Темировго карата төрт кылмыш иши козголгон: жасалма документти жасоо жана колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизат даярдоо.

Пикир

Оставить комментарий