• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сот департаменти жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү демилгесин сунуштоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. 2019-жылдын 1-январынан тарта жаӊыдан кабыл алынган Кылмыш-процесстик кодекс ишке киришет. Ошондон улам, «тергөө судьясы» институтун киргизүү максатында, жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

«Тергөө судьясы кылмышка шектелген же айыпталуучу жактын укуктары менен эркиндиктерин чектөө чараларын көрө турган, процесстик аракеттердин мыйзамдуулугуна, тергөөчү менен тергөө бөлүгүнүн жетекчисинин чечимдерине көзөмөл кыла турган судья болуп саналат. «Тергөө судьясы» институту шаардык жана райондук сотторго гана киргизилет. Ал эми облустук жана райондор аралык соттор экинчи баскыч болгондуктан, өзалдынча кылмыш иштерин карабайт, биринчи баскычтын гана чечимдерин кайрайт», - дейт Сот департаментинин башчысы Рустам Ибраимов.

Талкуу жүрүшүндө тергөө судьясынын оклады 23 миӊ сом, жардачысыныкы 10 миӊ сом, катчысыныкы 8 миӊ сом болору белгилүү болду. Депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, алардык маянасы өтө аз, ошондуктан алар ар кандай азгырыктардан улам калыс чечим чыгара албайт, демек, сот реформасынын ишке ашуусу кыйын.

Сот департаментинин башчысы бюджеттеги каражаттын тартыштыгын эске салуу менен бирге, бул маселени дагы бир ирет иликтеп көрүүгө убада берди.

Ал эми Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева айрым ири райондорго бир штаттын жетишсиздигин, ошого карабастан тергөө судьялыгына талапкерлер даярдалып, атайын окуулардан өткөрүлүп жатынын белгиледи. Анын айтымында, сот органдарында судьялар да жетишсиз, ушу тапта айрым судьялар 20 кылмыш ишинин ордуна 80 ишти карайт.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жѳнүндѳ» КР мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 72 жергиликтүү сот болсо, анын ичинде 8 облустук сот, 8 райондор аралык сот, 56 шаардык жана райондук сот бар. Ошондон улам, мыйзам талабын аткаруу максатында, Судьялар кеӊеши 56 жаӊы штат бирдигин ачуу чечимин кабыл алган. Ал үчүн бюджеттен 185 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат талап кылынат. Каражат 2019-жылдын бюджетинин долбоорунда каралды.

Пикир

Оставить комментарий