• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сот экс-депутат Каныбек Осмоналиевди абитуриенттерди КОСУга мыйзамсыз өткөрүү иши боюнча актады

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Биринчи Май райондук соту парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевди абитуриенттерди Кыргыз-Орус Славян университетине мыйзамсыз өткөрүү жөнүндө иши боюнча актады. Чечим бүгүн, 15-октябрда кабыл алынды.

Соттук териштирүүлөр учурунда прокурор Бакыт Доктурбеков соттон мурдагы парламентарийди 15 жылга эркинен ажыратууну суранган. Соттолуучунун жактоочулары жана Осмоналиев өзү соттон аны актоосун суранган.

Жыйынтыгында сот Осмоналиевди актап, аны күнөөлүү эмес деп тапты.

Эске салсак, 2018-жылдын январь айында Башкы прокуратура Осмоналиевге карата кылмыш иши боюнча тергөөнү жаңыртып, материалдарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Иш 2013-жылы 27 абитуриентти Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча козголгон.

Пикир

Оставить комментарий