• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сот имаратынан качып кеткен УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын январында Октябрь райондук сотунун имаратынан качып кеткен адам Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Вознесеновка айылындагы үйлөрдүн биринен уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турган 30 жаштагы К.М., аттуу жаран кармалган.

"Кармоо учурунда К.М., каршылык көрсөткөн, бирок Чүй облусу боюнча атайын отрядынын кызматкерлери кылмышкерди кармашкан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Бишкектин Октябрь райондук ИИБнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий