• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сот коё берген. Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Сербияда кармалды

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Сот тарабынан коё берилген Түркиянын жараны Интерпол тарабынан Сербияда кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Интерполдун жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 2021-жылдын 1-июнунда Белград (Сербия) шаарынын аэропортунан Түркиянын 1988-жылы туулган Ч.О. аттуу жараны кармалган. Ал Интерпол линиясы аркылуу 2011-жылдан бери жашы жете элекке сексуалдык зомбулук көрсөтүү жана Түркиянын аймагында адам уурдоого шектелип издөөгө алынган.

Тактоо иретинде айта кетсек, 2020-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан Түркиянын жараны Ч.О. кармалган.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кармалган жаранды Түркия тарапка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок 2020-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаардык сотунун Соттук коллегиясынын токтому менен Түркияга аны өткөрүп берүүнү токтотуу жөнүндө чечими кабыл алынган.

Анткени бул чечимге кармалган жаран Миграциялык кызматка качкын статусун алуу жөнүндө кайрылганы себеп болгон. Түркиянын жараны Ч.О. бошотулган соң кайда жүргөндүгү белгисиз болгон.

Азыркы учурда Түркиянын кармалган жаранын Түркияга экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий