• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сот криминалдык авторитет Женгону үй камагына чыгарды

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Ош облустук соту “Женго” каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет Кадыр Досоновду үй камагына чыгарды.

Соттун басма сөз кызматы агенттикке билдиргендей, КР Жазык кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүгү жана 215-берененин 3-бөлүгү боюнча айыпталып жаткан Кадыр Досоновдун кылмыш ишин иликтөө аягына чыкты. 2021-жылы 17-декабрда сотко чейинки өндүрүш башталганга чейин айыпталуучунун жактоочусу Н.Сүйүнбаев айыпталуучуну үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылып, ал 23-декабрда канааттандырылган.

“КР Жазык кодексинин 166-беренесинин талаптарына ылайык, айыпкер К.Досоновго карата 2022-жылдын 15-февралына чейин үй камагына чыгаруу баш коргоо чарасы тандалып, ал абактан бошотулду.

Соттук процесс 2022-жылдын 5-январына дайындалды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК кылмыштуу жол менен алынган каражаттарды легалдаштыруунун каналдарын жана булактарын жана механизмдерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында кармалган криминалдык авторитет К.Досоновго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)”) боюнча кылмыштын белгилери боюнча катталган сот өндүрүшү башталганын маалымдаган.

Эч качан эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген мурда бир нече ирет соттолгон Досонов

Бир нече жолу соттолгон, эч жерде иштебеген жана жеке ишкерлик менен алектенбеген Досонов жакын туугандарынын жана аны менен аффилирленген башка адамдардын атына катталган көп сандагы кыймылдуу (ар кандай класстагы 19 автоунаа) жана кыймылсыз мүлккө (15 турак-жай жана турак эмес жай, 35 жер тилкеси) ээ экендиги аныкталды.

Ошондой эле Досоновдун курулуш компанияларына бир катар ири салымдары бар экени айтылган.

Пикир

Оставить комментарий