• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сот Кумтөрдөн мамлекеттин пайдасына 261 млрд сом өндүрүү чечимин чыгарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, 2021-жылы 7-майда сот «Кумтөр Голд Компани» компаниясынан мамлекеттин пайдасына 261 млрд 719 млн 674 сом өндүрүү чечими чыгарылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Сот «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү таштандыларды сактоо боюнча аракетин мыйзамсыз деп тапты. Компаниядан 261 млрд 719 млн 674 сомду мамлекеттин пайдасына өндүрүү боюнча токтом кабыл алды. Мындан тышкары, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан мамлекетке 1 млрд 308 млн 653 сом айып алынсын деген чечим чыгарылды.

Доогерлер – Ысык-Көл облусунун жашоочулары соттон узак жылдар бою Кумтөр кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө сактап, узак жылдар бою Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамын бузган компанияга карата доону канааттандырып берүүнү өтүнүшкөн. Компания мөңгүлөргө 1 млрд 200 млн тонна бош тек чыгарган. ЖАКтын аракетинин натыйжасында 183 млн куб мөңгү бузулган.

Аталган токтом боюнча айыпталуучу тарап 30 күн аралыгында Бишкек шаардык сотуна даттана алат.

Пикир

Оставить комментарий