• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сот Өмүрбек Бабановдун кармалышын негиздүү деп тапты

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Сот мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кармалышын негиздүү деп тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 2-июндагы отурумда кабыл алынды.

Эскертке кетсек, “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов кармалган.

УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашырууда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалган.

УКМК туруктуу негизде аталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-майында Жогорку Кеӊеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизип, тышкы башкаруучуну дайындоо сунушун берген.

Ошондой эле "Кумтөр голд компани" компаниясы көзөмөлдөө жана мөңгүлөрдү сканерлөө тутумун өчүргөндүгү маалымдалган.

Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” боюнча 4 кылмыш иши козголгондугун айткан.

Кийинчерээк Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий