• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сот Москвада жөө адамдарды коюп кеткен кыргыз таксисттин камакка алынышын мыйзамдуу деп тапты

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Москва шаардык соту унаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен таксист Чыңгыз Анарбек уулунун камакка алынышын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жактоочу Павел Березин Кыргыз Республикасынын элчилигинин катын окуп, соттун чечимин жокко чыгарууну суранган. Ал эми прокурор биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырууну суранып, аны мыйзамдуу жана негиздүү деп атаган. Жыйынтыгында сот мурунку чечимди мыйзамдуу деп тапкан.

Эске сала кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси айдап баратып тротуардагы жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу качканга аракет кылып, бирок полиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-июнда Таган райондук соту шектүү катары кармалган кыргыз жаранын 2 айга камакка алган.

Ч.Анарбек уулу кырсыктын алдында 20 сааттай рулда отурганын айтып, окуя болгон жерден качканга аракет кылуусун жоопкерчиликтен корккондугу менен түшүндүргөн. Ошондой эле алкоголдук ичимдик ичпегенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий