• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сот мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Сот мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2021-жылдын 26-мартындагы токтому менен Космосбек Чолпонбаевге карата колдонулган үй камагы баш коргоо чарасын чет жакка чыкпоо боюнча тил катка өзгөрттү.

Белгилей кетсек, экс-министр Космосбек Чолпонбаев 2020-жылдын сентябрында Финансы полициясынын кызматкерлери тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен кармалган.

Пикир

Оставить комментарий