• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сот отурумдарын аудио жана видеого жазуу сот тутумун санариптештирүү багыттарынын бири болуп саналат

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 15-апрелинде, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеев, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Чинара Садырова жана Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова USAID-IDLO Программасынын жаңы фазасынын бет ачарына катышышты. Ошондой эле иш чарага Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директорунун орун басары Таалайбек Мукалаев, USAID уюмунун демократия жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча бөлүмдүн директору Ноэль Бауэр жана IDLO уюмунун директору Альфред Хьюстон катышышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарада сот залдарында аудио жана видео жазуу системаларынын ишке киргизилишинин натыйжалары көрсөтүлдү. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган система сот системасына бөлүнгөн мамалекеттик бюджеттин эсебинен ишке киргизилген.

Белгилүү болгондой, 2018-жылы өлкөнүн санариптик трансформациясынын негизги багыттары көрсөтүлгөн 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясы кабыл алынган.Санариптештирүү бийликтин бардык бутактарына, анын ичинде сот тутумуна таасирин тийгизип, ички сот өндүрүшүн өнүктүрүүдө сапаттык жаңы баскычка өтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Азыркы учурда сот тутумунун ачык-айкындыгы заманбап технологиялар аркылуу автоматташтырылган маалымат системасын (АМС) киргизүү, сот отурумдарын аудио жана видео жазуу, сот отурумдарын аудио жана видео протоколдоо программалары, ишти автоматтык бөлүштүрүү программаларын ишке киргизүү менен камсыз болууда.

Жолугушуунун катышуучулары IDLOнун бул процессте жигердүү катышкандыгын канааттануу менен белгилешип, тийиштүү жабдыктар орнотула элек соттордо өзүнүн салымын бере тургандыгына ишеним жасашты.

Пикир

Оставить комментарий