• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сот Райым Матраимовду сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен эркиндикте калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Биринчи май райондук соту бүгүн бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча козголгон өндүрүштүн алкагында кармалып, УКМКнын имаратына алып келинген КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын карады.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Башкы прокуратуранын улук прокурорунун өтүнүчү Биринчи май райондук сотунун чечими менен канааттандырылды.

Шектүү Р. Матраимовго карата баш коргоо чарасы каралып, соттук өндүрүш аяктаганга чейин жашаган жеринен сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алынды.

Белгилүү болгондой, жактоочунун айтымында, Матраимов тергөө менен кызматташууга макулдугун берген. Ал тараптан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулат - зыяндын өлчөмү тергөө органдары тарабынан белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий