• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Сот реформасынын алкагында иш-чараларды мониторингдөө иш тобу ИИМ жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Президентке караштуу сот реформасы боюнча Кеңештин катчылыгынын эгидасы (камкордугу) алдында Сот реформасынын алкагында иш-чараларды мониторингдөө боюнча иш тобу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жана башкаруучу курамы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда 2019-жылдын март айынан апрель айына чейин Чүй, жалал-Абад жана Ош облусуна баруу менен жазык кодекстерин жана мыйзамдарын укук талаасында кандайча колдонулуп жатканын изилдөө максатында ишке ашырылган сот-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларды мониторингдөөнүн жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле бузууларды каттоонун Бирдиктүү Реестринин иштөөсү, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексин колдонуу жана жаңы жазык мыйзамдарынын шартында ички иштер органдарынын ыкчам кызматкерлеринин ишиндеги көйгөйлүү маселелер да талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жазык-укуктук жааттагы жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууга катышкан укук эксперттери тарабынан жаңы жазык кодекстерди жана мыйзамдарды туура колдонуу боюнча сунуштарды айтышты, ошондой эле мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча бирдиктүү көз карашты иштеп чыгуу жөнүндө бир түшүнүккө жетишилди. Иш процессинде кездешкен көйгөйлөрдү аныктап, аларды бирге талкуулоо боюнча да макулдашуу болду.

Мындан тышкары, соттордун, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын, пробация бузуулар тууралуу иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, сот-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу күндөлүк маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий