• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сот Садыр Жапаровду камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмильбек Каипов, ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаровду камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Соттук процесстин жүрүшүндө Жапаровдун жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, сот процесси соңуна чыкканча үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Өз учурунда айыптоочу тарап бул өтүнүчкө каршы чыккан.

Мындан улам, С. Жапаровдун юристтери, судьянын бул чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияга арызданаарын жана буга байланыштуу 10 күн убакыт берүүнү суранышты.

Судья өз кезегинде, сот процесси 16-июнда уланаарын белгилеп, эгерде бул убакытка чейин жактоочу даттанууга жетишсе, анда иш Бишкек шаардык сотунда каралат деди.

Эскерте кетсек, ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаровду 25- мартта кармашкан. Ага каршы 227, 341, 113 жана 234-беренелеринин негизинде кылмыш иши ачылган.

Тергөө аныктагандай, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдогу митингде «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү авто унаага өкмөттүн ал кездеги Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өклү Эмилбек Каптагаевди күч менен салып, аны барымтага алышкан. Күбөлөрдүн берген көргөзмөсүнө ылайык, С. Жапаров уюлдук телефон аркылуу митингдин уюштуруучуларына Каптагаевди бошотпоо жана түзүлгөн пландын негизинде иш алып баруу боюнча көрсөтмө берип турган. Жыйынтыгында милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен Э. Каптагаев бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий