• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сот системасын Дания өлкөсүндөй кылууну карап жатабыз – Асанканов

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда сот системасын Дания өлкөсүндөй кылууну карап жатабыз. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Аблабек Асанканов билдирди.

Анын айтымында, президент, парламент жана сот көз карандысыз болуп, бирок кызматташтыкта иштөө керек.

"Дания, Норвегия, Финляндия жана Швециянын сот системасын окуп чыктым. Сот абсолюттук болбосо дагы көз карандысыз болушу керек. Эгер сотту президент, Жогорку Кеңеш шайлап жатса, анда кайдагы көз карандысыздык. Данияда сот 1916-жылы пайда болуптур жана ал дүйнөдөгү эң мыкты сот деп таанылат. Биз дагы сотту Дания өлкөсүндөй кылууну карап жатабыз", - дейт ал.

Асанканов сот өздөрүн-өзү шайлап, президент жана парламенттин тиешеси жок болушу керектигин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий