• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сот Соцфонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиевди айып пул төлөөгө милдеттендирди

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту Социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиевди айып пул төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-пункту жана 319-берененин 1-пункту боюнча Ирсалиев күнөлүү деп табылып, мамлекетке 260 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Соцфонддун жетекчилик кызматтагы адамдары аталган фонддун аймактык түзүмдөрүнүн башчыларынан каражат алып турганын аныктаган. Бул ишке фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиевдин катыштыгы тууралуу далилдер алынган.

Медер Ирсалиев 2020-жылдын 18-ноябрында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий