• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сот Текебаевдин ишин кошумча тергөөгө алуудан баш тартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 27- июня /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын ишти прокуратурага кошумча тергөөгө кайтаруу өтүнүчүн четке какты.

Текебаевдин жактоочусу Чынара Джакупбекова тергөө мүчүлүштүктөрүн толуктоо максатында ишти прокуратурага кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жактоочунун айтымында, Кылмыш кодексине ылайык прокуратура пара бергендиги үчүн Маевскийге кылмыш ишин козгогон жок. Буга ылайык, жактоочулар пара берген деп айыпталган экс-депутат Карганбек Самаковдун ишин мисал келтиришти.

Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочу бул өтүнүчтү четке кагууну суранды.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура УКМКнын берген материалдарына таянуу менен депутат Өмүрбек Текебаевге каршы кылмыш ишин ачкан. Саясатчы “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча айыпталууда.

УКМКнын маалыматына ылайык,аларга Өмүрбек Текебаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча Россиянын жараны, бир катар телекоммуникация компанияларынын ээси Леонид Маевский кат жүзүндө кайрылган.

Өзүнүн арызында Маевский 2010-жылы Текебаев убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары кызматын аткарып турганда, “Мегаком” компаниясын сатууда ага бир катар жеңилдиктерди түзүп берүүнү убада кылып, андан бир миллион АКШ долларын алгандыгын көрсөттү. Биринчи этапта саясатчы Маевскийди “Альфа Телекомдун” башкармалыгына аралаштырып, андан соң аталган компаниянын акциясын бизнесменге сатууну убада кылган. Текебаев берген убадасына турбай алган каражатын кайтарып берүүдөн баш тартып кандайдыр бир талап коюлса же бул маалыматты таркатууга аракеттер көрүлсө, зомбулук көрсөтүлөөрүн айтып коркутканын жазат.

Пикир

Оставить комментарий