• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сот тутумунун бюджет жүрүмүндөгү каржылык кепилдиктерин кеңейтүү демилгеси сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште сот тутумунун каржылык жактан көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан “КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, демилгечи – депутаттар Аскарбек Шадиев менен Улан Примов.

Демилгечилердин айтымында, КР Конституциясынын 98-беренесине ылайык, мамлекет соттордун иши жана судьялардын ишмердүүлүгү үчүн каржылоону жана талаптагыдай шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

Андан сырткары, “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү” программасы иштелип чыкканы, анын башкы милдеттеринин бири сот тутумунун бюджетин түзүүдө аткаруу бийлигинин монополиясына жол бербөө болуп саналары белгилүү болду. Ошондон улам, Бюджеттик кодекске түзөтүүлөрдү киргизүү менен, бюджет жүрүмүндө сот тутумунун кепилдиктерин кеңейтүү демилгеси сунушталууда:

1) Пикир келишпестиктер болгон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тутумунун бюджетинин долбоорун Өкмөттүн кеңешине жөнөтөт. Судьялар кеңешинин өкүлдөрү жана Өкмөттүн кеңеши кезектеги бюджеттик жыл башталганга 7 ай калгандан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун өткөрүүгө жана бүтүрүүгө милдеттүү.

Макулдук жетишилген учурда, Судьялар кеңеши макулдашылган сунуштарды эске алуу менен, сот тутумунун бюджетинин долбоорун жеткире иштеп чыгат жана Өкмөткө киргизет. Макулдук жетишилбеген учурда, Судьялар кеңешинин сунуштары жана Өкмөттүн сот тутумунун бюджетинин долбоору боюнча корутундусу Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

2) Республикалык бюджетти түзүүдө сот тутумунун бюджетинин чыгымдалуучу бөлүгүнүн көлөмү Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнөн төмөн болушу мүмкүн.

3) Сот тутумун каржылоого каралган бюджеттик каражаттарды секвестрлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.

4) “Сот тутумунун бюджети” деген түшүнүктү колдонуу боюнча редакциялык тактоочу түзөтүү каралды.

Андан сырткары, мыйзам кабыл алынып калса, ал 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турганы белгилүү болду.

Мыйзам долбоорунун концепциясын талкуулоо жүрүшүндө депутаттар тарабынан сот тутуму бюджетти башкаруу милдетин Сот департаментине жүктөп коюп тим болбостон, айрым катмардагы кызматкерлердин маянасын көтөрүү маселесин да чечүү, сотторду окутуу чараларына да бюджеттен каражат кароо чаралары белгиленген.

Эске салсак, сот тутумунун 2017-жылдагы бюджети 1 млрд 36 млн сом көлөмүндө бекитилген, ал эми 2018-жылга карата бюджетти 1 млрд 600 млн сомго чейин көтөрүү чаралары мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий