• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сот УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди 25-мартка чейин камакка алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.21. / Кабар/. Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата башка коргоо чарасын карады. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал УКМКнын тергөө абагына 25-мартка чейин камакка алынды. Абдил Сегизбаев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталууда.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматовду, А.Салянованы жана Ө.Текебаевди Кыргыз Республикасынынэлинин алдында дискредитациялоо менен алардыкылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы боюнча чара көрүү жөнүдөгү А.Шыкмаматовдун мурдагы арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Тактап айтканда, «Белизгейт» деп аталган иши менен Кыргыз Республикасынын УКМКнын мурдагы төрагасы А.Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысыжана башка мыйзамсыз аракеттери боюнча.

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү алкагында А.Сегизбаевдин жогорудагы кылмышты жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер топтолуп, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына кармалган.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий