• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сот-укук реформасын мониторингдөө боюнча эксперттик жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү

Президент 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, эксперттик жумушчу тобунун (ЭЖТ) жетекчиси Алмамбет Салиев биринчи жыйындын жыйынтыгы боюнча өлкө Президентинин кароосуна үч сунуш киргизилгени жана алар Мамлекет башчысы тарабынан колдоо тапканы жөнүндө жумушчу тобунун мүчөлөрүнө маалымат берди. Жумушчу тобунун сунуштары боюнча КР Премьер-министрине тийиштүү тапшырмалар берилди. Акыркы маалымат боюнча, КР Өкмөтү бул сунуштардын үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ошондой эле кошумча түрдө түзүлгөн төмөндөгү эки жумушчу топтору жөнүндө да маалымат берилди:

— функцияларын райондук сотторго өткөрүп берүү менен райондор аралык сотторду жоюуну караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча;

— кылмыш жоопкерчилигине тартылган мөөнөттүн өтүшүн эске алуу менен кылмыш жасаган адамдар тарабынан келтирилген чыгымдын ордун толтуруунун механизмдерин иштеп чыгуу боюнча;

Бул топтор өз иштеринин негизги багыттарын жана мөөнөттөрүн аныктап, иштеп башташты.

Жыйында 6 маселе талкууланды. Жумушчу тобунун мүчөлөрү Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрин (мындан ары — КЖКР), Бузуулардын бирдиктүү реестрин (мындан ары- ББР) киргизүү, кылмыш иштерин козгоо институтутун киргизүү жана КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин айрым жоболорун КР Конституциясына шайкеш келтирүү проблемаларына өзгөчө токтолушту.

КЖКР жана ББР киргизүү маселесинде жумушчу тобунун мүчөлөрү реестрлер бирдиктүү система болуп, материалдардын да, процесттин катышуучуларынын да кыймылын чагылдырышы керек болгондуктан, бул реестрлердеги маалыматтарды бирдиктүү каттоо борбору катары КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу түшүнүккө келишти.

Ошол эле учурда, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн пикири боюнча, бара-бара бул маалыматтарды баскыч-баскыч боюнча бир мамлекеттик органда — КР Башкы прпокуратурасында бириктирүү менен алар ар кайсы органдардын карамагында болушу да мүмкүн.

Жумушчу тобунун мүчөлөрү тарабынан белгиленгендей, КР Өкмөтү КР айрым мыйзамдары менен реестрлер боюнча жоболорду бекитүүнүн тийиштүү тартибинин ортосундагы коллизиялардын үстүндө иштеши керек.

Кылмыш иштерин козгоо институтутун киргизүү жана КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин айрым жоболорун КР Конституциясына шайкеш келтирүү (тергөө караштуулугун, конкреттүү мамлекеттик органдын аталышын тактоо) маселесинде жумушчу тобунун мүчөлөрү бул маселенин үстүндө иш жүрүп жатканын, тийиштүү мыйзам долбоору макулдашуудан өтүп жатканын билдиришти жана эксперттик жумушчу тобунда да, КР Өкмөтүнүн деңгээлинде да бул багытта ишти тездетүү зарылдыгын айтышты.

Жумушчу тобунун мүчөлөрү ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жетишүүсү жана райондор аралык соттордун ишмердиги, 2018-2022-жылдарга КР сот системасын өнүктүрүү боюнча жаңы Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу маселелеринин айланасында пикир алмашышты.

ЭЖТ жыйынында топтун өкүлдөрүнүн КР жаңы кодекстерин жана мыйзамдарын имплементациялоого катышкан ар кайсы органдардын жетекчилери менен жолугушууларын уюштуруу жөнүндө сунушту колдошту, аларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралар мерчемделди.

Буга кошумча жумушчу тобу сот-укук реформасы боюнча турмушка ашырылып жаткан иш-чараларды маалыматтык колдоо боюнча чараларды пландамак болушту.

Пикир

Оставить комментарий