• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сот-укук реформасынын алкагындагы иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун жыйыны өткөрүлдү

Президент 0

Бишкек, 30.11.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси (ЭЖТ) Алмамбет Салиевдин төрагалыгы алдында Сот-укук реформасынын алкагындагы иш чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү жана ушул иш чараларга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан кеңейтилген курамдагы кезектеги жумушчу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жумушчу жыйында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин түзүүнүн (КЖБР), пробация системасын түзүүнүн жана сот системасынын жаңы шарттарда иштөөгө даярдык көрүүнүн жүрүшү каралды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 18-октябрында кеңешме өткөргөнүн жана анын жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмалар жөнөтүлгөндүгүн, анда сот-укук реформанын иш чараларын мындан ары улантуу жана жаңы процессуалдык кодекстердин жана мыйзамдардын жоболорун ишке ашыруу боюнча маанилүү сунуштамалар белгиленип, милдеттер коюлгандыгын эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Алмамбет Салиев катышуучулардын эсине салды.

«2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин киргизилиши каралган. Мында укук коргоо органдарына келип түшкөн бардык маалыматтарды, арыздарды каттоого алууга шарт түзүлөт. Укук коргоо органдарына кайрылган ар бир жаран, өзүнүн иши кайсы стадияда каралып жаткандыгын жана кароодогу иши боюнча процессуалдык кепилдиктери сакталгандыгын же сакталбагандыгын байкоого ала алат», — деп белгиледи Алмамбет Салиев.

Пробация системасы ишке ашырылса, анда анча оор эмес кылмыш жасаган адамдарды эркиндигинен ажыратпастан социалдык ыкмалар менен коомчулукка кайтарууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле жаңы кодекстер менен мыйзамдар сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда дагы олуттуу укуктук өзгөртүүлөрдү камтыйт, — деди ал.

Жыйында эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү, Өкмөттүн жана башка органдардын өкүлдөрү жаңы мыйзамдарды жана кодекстерди ишке киргизүү — кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри боюнча иштер, пробация системасы жана ишке ашырылып жаткан жана болжолдонгон иш-чараларды каржылоо тууралуу маалымат беришти.

Алмамбет Салиев кеңешменин жыйынтыгында кодекстердин жана мыйзамдардын күчүнө киришине убакыт аз калгандыгын белгилеп, бардык жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине бул багыттагы иш натыйжалуу жүргүзүлүп, ал эми анын сапатына айрыкча көңүл буруу керектигин эскертти.

Кеңешменин жыйынтыктары тууралуу өлкөнүн Президентине маалымат берилет

Пикир

Оставить комментарий