• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан маморгандардын кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Президент 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин тапшырмасы менен сот-укуктук реформанын максаттары жана милдеттери үчүн тышкы жардамды колдонууну жакшыртуу маселелери боюнча түзүлгөн координациялык аянтчанын базасында сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын кезектеги жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда азыркы практикалар анализденип, сот-укуктук реформа чөйрөсүндө тышкы жардамды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ачыктыгы жана отчеттуулугу, долбоорлорду кайталабоо, кабыл алып жаткан тараптын өнүгүү приоритеттерин сыйлоо маселелери талкууланды.

Тышкы жардам маселелеринде мамлекеттик органдар ортосундагы ички координацияны жакшыртуу, аны пландоо, улуттук стратегияларга жана программаларга шайкештиги жана ошондой эле эл аралык, донорлук уюмдар менен аракеттенишүүнү бекемдөө, керектүү координациялык аянтчаларды түзүү маселелери талкууланды.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү сот-укуктук реформанын иш-чараларын ишке ашыруу үчүн өз багыты боюнча донорлор менен аракеттенишүү жана алардын ресурстарын тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун натыйжасында бул багыттагы жумуштардын координациясын жакшыртуу боюнча кошумча чаралар белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий