• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун жана жаңы укуктук талаада иш жүргүзүүнүн мониторинги уланууда

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Жер-жерлерде сот-укуктук реформанын жүрүшү жана ага тартылган мамлекеттик органдардын бул багыттагы иштери жөнүндө толук маалымат алуу максатында Талас облусуна мониторинг сапары менен болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаевдин жетекчилигинде сот-укуктук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу тобу менен өткөрүлдү.

Реформаны ишке ашырууну жакшыртуу жана анын ар түрдүү баскычтарынын ортосунда байланышты камсыз кылуу максатында бул сыяктуу иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлгөн жана Талас облусуна болгон сапар үстүбүздөгү жылга карата жыйынтыктоочу болуп саналат.

Адам укуктарынын стандарттарын кыйла жогорулаткан жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды кабыл алуу сот-укуктук реформанын эң маанилүү жыйынтыгы болуп калды.

Мындан тышкары, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу үчүн санариптештирүү жана маалыматтык технологияларды кеңири пайдалануу каралган.

Буга байланыштуу, сапардын жүрүшүндө мониторинг караган предметтин бири сот залдарын аудио-видео-протоколдоо системасы менен жабдуу, тергөө органдарындагы сурак бөлмөлөрүнө видеокамераларды орнотуу жана тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүдө керектүү техникалык каражаттар менен кызматкерлерин камсыз кылуу болду.

Ошондой эле, жүрүп жаткан реформанын башкы новеллаларынын бири болгон Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин иши изилденип, анализ жүргүзүлдү. Бул система штаттык тартипте иштеп жатканы аныкталды, бирок анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү ишке дагы толугу менен киргизиле элек.

Жаңы кылмыш мыйзамдарынын алкагында бул аймактын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн иш жүктөмүн изилдөө учурунда тергөөчүлөрдүн жаңы штаттык бирдиктерди киргизүүдө аларга ашыкча жүктөм байкалган жок, бул өз кезегинде сапаттуу текшерүүнү камсыздап, катталган материалдар боюнча өз убагында процессуалдык чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле пробация институтун киргизүү маселелери каралып, бул жаңы органдын көйгөйлөрүнө көңүл бурууну күчөтүү максатында аким жана мэрлер менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, жаңы кылмыш мыйзамдарын ишке ашыруу жана аларды пайдаланууда келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.

Мыйзамдагы кээ бир карама-каршылыктарды жоюу боюнча сунуштар эске алынып, көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча сунуштар айтылды.

Бул иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча эксперттик жумушчу топ сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун жүрүшү жана ага катышкан мамлекеттик органдардын иши боюнча анализ даярдалып, Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий