• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сот-укуктук реформасынын иш-чараларын мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топ Баткенге барып келди

Аймак 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Сот-укуктук реформасынын иш-чараларын мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте 2019-жылдын 8-10-октябрында Баткен облусуна мониторинг менен барып келди.

Кыргыз Республикасындагы гумандаштырууга, адам укуктарын бекемдөөгө, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүгө багытталган сот-укуктук реформасынын өзөгүн түзгөн новеллаларды ишке киргизүү боюнча изилдөө өткөрүлдү.

Мониторинг алкагында аймактардагы сот-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча маалыматтар алынды. Прокуратура, ички иштер, сот органдарынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын райондор аралык бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Юстиция министрлигинин Баткен району жана Баткен шаары, Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары боюнча пробация органдарынын бөлүмдөрүнө барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, Бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү маселелери, судьялардын тергөө институтун, пробацияны ишке киргизүү, сот жыйындарын аудио-видео көзөмөлдөө, көрсөтмөлөрдү депонирлөө, тергөөчүлөрдүн ишин уюштуруу, видео-протоколдук сурак меселелери каралды.

Ошондой эле жер-жерлерде Кодекстерди түздөн-түз аткаруучулар, облустук жана райондук укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын өкүлдөрү менен пикир алышуулар болду. Анда Кодекстердин азыркы учурдагы ишке ашырылышы, колдонууда келип чыккан маселелер талкууланды, көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча сунуштар жана кеңештер берилди.

Мындан тышкары пробация органын калыптануу процессине көңүл бурууну күчөтүү максатында ЭЖТ көрсөтүлгөн шаарлар жана райондордогу пробация органдарынын кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрдү.

Жаңы органдын көйгөйлөрүнө көңүл бурууну күчөтүү, пробация кардарларын кайрадан тарбиялоо үчүн аларга объектилерди жана коомдук жумуштардын тизмесин берүү максатында аким жана мэрлер менен өзүнчө жолугушуулар уюштурулган.

Улуу Британия Элчилигинин жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүгүү программасынын колдоосу менен жогорудагы көрсөтүлгөн бардык органдардын өкүлдөрүнө аймактарда жетишсиз болгон соттук-укуктук реформа боюнча илимий публикациялар жана кодекстер таркатылган.

Жалпысынан сапар соттук-укуктук реформаны илгерилетүүдө белгилүү жетишкендиктер болгонун көрсөттү. Мониторинг сапары Бишкек шаарындагы ЕККУ Программалык офисинин каржылоосу менен ишке ашты.

Пикир

Оставить комментарий