• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Соцөнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча башкы адиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды.

2021-жылдын 6-декабрында Сузак районунун тургуну, Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга пособия алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат делген арыз менен КР УКМК кайрылган.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча башкармалыгында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында, арыздын материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси “М.Э.С” кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий