• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соцөнүктүрүү министринин м. а. Каныбек Адиев “Элет көйгөйү” бирикмесинин мүчөлөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.09.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Адиев 18-сентябрда “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин төрайымы Марипа Алыйкулова калктын көйгөйлөрүн бийликке жеткирүү бирикменин милдети экендигин айткан.

“Бизге мамлекеттин колдоосуна муктаж үй-бүлөлөр кайрылышат. Ар биринин тагдыры ар башка. Бүгүн кимдер келсе, дээрлик бардыгы турак жайга муктаж. Алар жөнөкөй шарттары да жок батирди ижарага алып жашашат. Бул жерде түнкүсүн автовокзалда түнөгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жараныбыз да катышууда”, - деди Алыйкулова.

Министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Адиев министрликтин компетенциясына курулуш жана турак жай бөлүп берүү маселеси кирбей тургандыгын, бирок мыйзам чегинде үй-жайы жок, жогоруда аталган жаранды Бишкек шаарындагы социалдык стационардык мекемеге жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карай тургандыгын айтты.

"Калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жеңилдетүү жана тездетүү үчүн ведомство тарабынан бир топ иштер аткарылган. Учурда “балага сүйүнчү” төлөмүнүн, аз камсыз болгондорго жөлөкпулдун, майыптуулугун күбөлөндүрүүнүн, бала асырап алуунун, ишке орноштуруунун жол-жоболору жеӊилдетилген. Ошондой эле статусу жок жаңы конуштарда жашаган аз камсыз болгон жарандарга жөлөкпул дайындоо жана төлөө маселесин чечтик. Санариптештирүүнүн алкагында, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо жана кресло-коляска алууга электрондук кезек киргизилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар өзүнүн электрондук кезегин он-лайн режиминде көрүүгө мүкүнчүлүк түзүлөт. Министрлик маселелердин үстүнөн иштей турган иштер дагы да болсо улантылат”, - деди Адиев.

Пикир

Оставить комментарий