• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Соцөнүктүрүү министрлиги: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 113 жаран жумушка орношту

Коом 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын үчүнчү кварталында жумушка орношууга арыз берген 406 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын ичинен 113ү жумушка орношкон. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 73 жумушсуз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам кесиптик билим алууга жана 137 адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүлгөн.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-октябрына карата министрликтин облустук жана шаардык иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрүндө 652 ДМЧА катталган, алардын 315и аялдар.

"Арыз берген бардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын психологиялык, физиологиялык жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн консультация алышат жана сурамжылоо өткөрүлөт, анткени көптөгөн бош кесиптердин айрым медициналык каршылыктары бар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий