• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцөнүктүрүү министрлиги каалоочуларды акысыз билим берүү курстарына чакырат

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Coursera (АКШ) уюму Coursera Workforce Recovery (жумушчу күчүн калыбына келтирүү) программасынын алкагында жумушсуздар жана башка каалоочулар үчүн акысыз онлайн-курстарды уюштурат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги дүйнөлүк Coursera (www.coursera.org) билим берүү онлайн-платформасы аркылуу Coursera Workforce Recovery (жумушчу күчүн калыбына келтирүү) боюнча билим берүү программасына акысыз катышууга жарандарды чакырат.

Платформада катышуучуларга IT, гуманитардык илимдер, экономика, физика, медицина, ишкерлик, маркетинг сыяктуу керектүү кесиптерге багытталган 4300дөн ашуун курстар, ошондой эле дүйнөдөгү эӊ мыкты деп табылган Stanford, Yale, Princeton, MIT сыяктуу университеттеринен сунушталат. Окуу курсту аяктагандан кийин, бүтүргөндүгү боюнча акысыз сертификат берилет жана аны менен дүйнөлүк мейкиндикте жумуш табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Программа COVID-19 пандемиясынын таасиринин шартында, жумушсуз калгандарга колдоо көрсөтүү жана жаңы ыкмаларды үйрөтүү менен эл аралык эмгек рыногунда жарандын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга максатталган.

Катышуучулар 30-октябрга чейин англис жана орус тилдеринде курстарга жазыла алат жана курстун саны чектелбейт.

Окутуу программасына катышуу үчүн онлайн форманы кезектеги шилтеме аркылуу толтуруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий