• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцөнүктүрүү министрлиги тарабынан берилүүчү социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөндү

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Эмгек жана соцөнүктүрүү министрлиги тарабынан берилүүчү социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөндү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирустук инфекция пандемиясы шартында өзгөчө кырдаалды/ өзгөчө абалды киргизүү учурунда социалдык жактан корголбогон категориядагы жарандарды колдоо үч багытта жүргүзүлдү: гуманитардык/каржылык, социалдык кепилдиктер жана кошумча жардамдарды уюштуруу.

КР өкмөтүнүн буйругу менен документтерди талап кылуусуз социалдык төлөмдөрдүн/кепилдиктердин мөөнөттөрү (мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар, жеке ассистент, МСЭКтин маалымкаты ж.б.) узартылды.

Министрлик тарабынан берилүүчү бардык социалдык төлөмдөр каржыланып, өз убагында жана толук көлөмдө төлөндү, алуучулардын саны орточо эсеп менен 560 миңден ашуун адамды түздү.

Республика боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн 9181,75 тонна гуманитардык жардам бөлүнгөн, анын ичинен: Мамлекеттик материалдык резерв фондунан - 8181, 75 тонна, Өзбекстандан - 1000 тонна, 327,792 тонна кумшекер Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүштүрүлүп берилген.

2020-жылдын 29-июлуна карата республика боюнча 525 105 муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, гуманитардык жардамды жергиликтүү деңгээлде бөлүштүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаардык администрациянын алдындагы атайын түзүлгөн комиссиялар тарабынан жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий