• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцөнүктүрүү министрлигине 2 миңге жакын арыз жана даттануулар келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жарандардан 1926 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бул тууралуу министрлик маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жарандар көбүнчө мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча кайрылышкан - 17,0% (327 арыз), жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация берүү боюнча - 13,5% (260 арыз), материалдык же гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча – 25,2% (485 арыз), майып тобун аныктоо жөнүндө – 4,7% (90 арыз), үй-бүлөлөргө жана балдарга кызмат көрсөтүүлөр – 9,8% (189 арыз), укуктук маселе – 0,9% (18 арыз), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселеси боюнча -7,2% (138 арыз), эмгек маселеси- 5,4% (103 арыз), ишке орношуу - 3,9% (75 арыз), укуктук меселе - 0,9% (18), гендер маселеси боюнча – 0,3% (5 арыз), гуманитардык жардам боюнча – 0,8%(16 арыз), корруция маселеси – 0,9% (18 арыз), мониторинг - 1 жана угуу аппараттар, үй-интернаттарга аныктоо, Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине даттануу, санаторий-курортторго жолдомолор, каржылоо маселелери жана башкалар боюнча – 10,4% (201 арыз).

Каттардын жана арыздардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарынан – 40,7%, Чүй облусу - 21,7%, Ош - 10,3%, Жалал-Абад - 8,3%, Нарын - 6,2%, Ысык-Көл - 5,9%, Баткен - 4,4%, Талас - 3,5% келип түшкөн.

2019-жылы министр Улукбек Кочкоров - 287, статс-катчы Каныбек Адиев – 223, министрдин орун басарлары: Камалдин Токтосартов - 59, Жаныл Алыбаева - 116, Ализа Солтонбекова - 11 адамды кабыл алган.

Ошондой эле, республика боюнча 152 жаран он-лайн режиминде кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий