• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Соцөнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине 6,4 млн сом түштү

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине 6 млн 466 миӊ 962 сом 39 тыйын түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, акча каражаттар Бишкек шаарынын мэриясына жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратына бөлүнүп берилет. "Комиссия аталган суммадан 11 миң 916 (Бишкек шаарындагы 2500 үй-бүлөгө, Чүй облусундагы 9 416 үй-бүлөгө) муктаж болгон жаранды азык-түлүк менен камсыздоого акча каражат бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алды. Бул Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы статусу жок жаңы конуштарда каттоосуз жашаган жарандарга берилет”, - деп белгиледи Кочкоров.

Кочкоров кошумчалагандай, каражаттар түшкөн сайын бардык аймактарга дагы бөлүнүп берилет.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Ошондой эле илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Пикир

Оставить комментарий