• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Соцөнүктүрүү министрлигинин эсебине 17 млн сомдон ашуун каражат түштү

Коом 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсепке баардыгы болуп 17 млн 427 миң 47 сом түшкөн.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул каражаттан турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн акчалай каражаттарды бөлүштүрүү Комиссиясынын чечими менен:

- 2020-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясына – 792 миң 500 сом;

- 2020-жылдын 9-апрелинде өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө - 3 млн 587 миң 496 сом;

- 2020-жылдын 16-апрелинде Нарын шаарынын мэриясына – 1 млн сом;

- 2020-жылдын 16-апрелинде Жалал-Абад шаарынын мэриясына – 1 млн сом;

- 2020-жылдын 16-апрелинде Ош шаарынын мэриясына – 4 млн сом;

- 2020-жылдын 16-апрелинде Сузак райондук мамлекеттик администрациясына – 2 млн сом;

- 2020-жылдын 16-апрелинде Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына – 1 млн сом;

- 2020-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясына – 2 млн 760 миң сом бөлүнгөн.

"Бүгүнкү күндө эсепте калган сумма 1 млн 287 миң 51 сом 80 тыйынды түзөт. Эсепке которууларды мамлекеттик жана жеке компаниялар, кайрымдуулук жана коомдук уюмдар жүргүзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий