• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Соцөнүктүрүү министрлигинин системасында 17 социалдык стационардык мекеме иштейт

Коом 0

Бишкек, 30.09.20 /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин системасында бүгүнкү күндө 17 социалдык стационардык мекеме иштейт, алардын ичинен: 6 ССМ улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар боюнча:

Бүгүнкү күндө социалдык стационардык мекемелерде 2321 кызмат алуучулар багылат. Алардын ичинен 366сы улгайган жарандар жана 328и ДМЧАлар.

-Бишкектеги улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн ССМ – 171 адам;

-Төмөнкү-Серафимовкадагы улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн ССМ - 312 адам;

-Сүлүктүдөгү жалгыз бой улгайган жарандар үчүн ССМ - 17 адам;

-Бакай-Атадагы улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн реабилитациялык мүнөздөгү ССМ - 69 адам;

-Сузактагы улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн ССМ - 101 адам;

-Токтогулдагы улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн ССМ «Кара-Каш» - 30 адам.

Учурда республика боюнча 935 социалдык кызматкерлер 9,7 миң жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө тейлейт анын ичинен 4316 адам улгайган жарандар.

2020-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча пенсиялык камсыз болуу укугуна ээ эмес 1531 улгайган жаран 1000 сом өлчөмүндө ай сайын социалдык жөлөкпул алат.

Пикир

Оставить комментарий