• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцфонд: 1-сентябрга карата пенсия төлөө боюнча карыз жок

Экономика 0

Бишкек, 30.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ушул жылы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн 33 млрд 259,9 млн сом көлөмүндө бардык керектелген сумма толугу менен каржыланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 1-сентябрга карата пенсия төлөө боюнча карыз жок.

“Учурда өлкө боюнча пенсионерлердин саны 709 миң 728 адамды түзөт. Алардын ичинен 237 миңдейи же жалпы санынын 33 пайызы “Кыргызпочтасы” аркылуу пенсиясын алса, 472 миңи же 67 пайызы республикалык банктардан акчасын алат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий