• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцфонд: 2018-жылда пенсиянын орточо эсеби 5 миң 682 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын жогорулашынын жыйынтыгында пенсиянын орточо эсеби 5 миң 682 сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет. 2018-жылга жалпы керектөө 744,4 миллион сомду түзгөн.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2018-жылдагы пенсия жана башка социалдык төлөмдөргө каралган 42430, 1 миллион сом толук көлөмдө каржыланган.

Пенсия берүү боюнча 2019-жылдын 1-январына карата эч кандай карыз жок. 2017-жылга салыштырмалуу пенсия жана социалдык төлөмдөр боюнча керектөөнүн көлөмү 3476,7 миллион сомго чейин өскөн. 2019-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алгандар 651,9 миң адамды түзөт.

Алардын ичинен - "Кыргызпочтасы" ишканасы аркылуу - 332,7 миң адам, жалпы көрсөткүчтүн 49%ы, республикадагы банктар аркылуу - 329,3 миң адам же 51%.

2017-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 18,1 миң адамга көбөйгөн.

Пикир

Оставить комментарий