• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцфонд 2021-жылдын жети айында 41 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди

Экономика 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-июль айларында Социалдык фонд тарабынан 41 миң 17 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде 2021-жылдун июлунда 4 миң 619 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 839 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.

Пикир

Оставить комментарий