• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Соцфонд: 2022-жылдын январында 1511 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Социалдык фондунун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2022-жылдын январь-февраль айында 1511 арыз жана даттануу кайрылуу келип түшкөн.

Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

жазуу турундө кайрылуулар – 81;

ооз эки кайрылуулар – 98;

электрондук кайрылуулар –24.

2022-жылдын январь айында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушкөн:

пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;

мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

пенсияларды индексациялоо тууралуу;

пенсияга укугу боюнча;

пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;

пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 10 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

2022-жылдын январь-февраль айында 1298 телефон чалуу, анын ичинен уюлдук телефон аркылуу 246 чалуу түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий