• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцфонд: Аймактык башкармалыктар штаттык режимде иштөөдө, пенсиялар өз убагында төлөнөт

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана аймактык башкармалыктары штаттык режимде иштеп жатат, демек 2020-жылдын октябрь айынын пенсиялары үзгүлтүксүз өз убагында каржыланат. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда өмөттүн токтомдоруна ылайык, пенсиялардын өлчөмдөрүн индексациялоо жолу менен кайра эсептөө иштери толугу менен аякталды жана жаңы өлчөмдөгү октябрь айынын пенсиялары 12-октябрьдан баштап төлөнө баштайт.

2020-жылдын январь-сентябрь айларында пенсия жана жөлөкпулга 35 млрд 380,2 млн сом каржыланды.

- Бишкек шаарында — 5 млрд 781,6 млн сом

- Чуй облусунда — 5 млрд 456,1 млн сом

- Нарын облусунда — 2 млрд 845,1 млн сом

- Иссык-Көл облусунда — 3 млрд 209,9 млн сом

- Талас облусунда — 1 млрд 462,0 млн сом

- Ош шшаарында — 1 млрд 272,5 млн сом

- Ош облусунда — 6 млрд 507,1 млн сом

- Баткен облусунда — 2 млрд 828,6 млн сом

- Жалал-Абад облусунда — 6 млрд 17,3 млн сом.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2020-жылдын сентябрь айына 3 млрд 881,8 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий