• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцфонд: Бүгүнкү күндө пенсия төлөө боюнча карыздар жок. Өлкөдө 709,3 миң пенсионер бар

Экономика 0

Бишкек, 26.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь-июль айларында пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн 29 млрд 83,3 млн сом өлчөмүндөгү каражат толугу менен каржыланды.

“1-августка карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 709,3 миң адамды түздү. Алардын ичинен 239,5 миң адам же жалпы санынын 34%ы “Кыргызпочтасы” аркылуу пенсиясын алат. Ал эми 469,8 миң адам же 66%ы республиканын банктары аркылуу каражатын алышат”, - дейт ал.

Орозалиев белгелегендей, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалымат тутумун интеграциялоо боюнча талкуулар жүрүп жатат.

“Анын натыйжасында ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн эмгекчилерине пенсия чектөө жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт”, - деп айтат Соцфонддун төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий