• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцфонд: Беш айда пенсия жана жөлөкпулга 18,1 млрд сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-апрель айларында пенсия жана жөлөкпулга 18 млрд 167,6 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Алсак:

- Бишкек шаарына — 2 млрд 917,1 млн сом;

- Чуй облусуна — 2 млрд 755,2 млн сом;

- Нарын облусуна — 1 млрд 444,5 млн сом;

- Иссык-Көл облусуна — 1 млрд 655,7 млн сом;

- Талас облусуна — 754,5 млн сом;

- Ош шаарына — 651,6 млн сом;

- Ош облусуна — 3 млрд 339,2 млн сом;

- Баткен облусуна — 1 млрд 516,5 млн сом;

- Жалал-Абад облусуна — 3 млрд 133,3 млн сом.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2022-жылдын апрель айына 4 млрд 592,3 млн сом түздү.

Пикир

Оставить комментарий