• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцфонд эң көп канча пенсия берилерин жана аны кимдер аларын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда эң көп пенсия 40 миң сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, эң көп пенсияны соттор алат. Ал суммага баардык кошумча төлөмдөр кирет. Ал сумманын 60%ын кошумча төлөмдөр түзөт.

“Башкача айтканда, алардын пенсиясы 15-20 миңди түзүшү мүмкүн”, - деди ал.

Андан тышкары Соцфонддун башчысы белгилегендей, атайын персоналдык пенсионерлердин категориясы бар. Алардын катарында жогорку саясий кызматтарды ээлегендер, баатырлар, сыйлык ээлери, баардык тармактын эмгек сиңирген ишмерлери, депутаттар да болгон.

Ирсалиевдин айтымында, 2015-жылы персоналдык пенсионер аттуу түшүнүк алынып салынган. Ошондуктан азыр пенсия чегерүүлөргө жана эмгек тажрыйбасына жараша төлөнөт.

Бүгүнкү күндө персоналдык пенсияны 2,3 миң адам алат.

Ошону менен бирге Медер Ирсалиев билдиргендей, эмгек тажрыйба жана чегерүүлөргө жараша эң көп пенсия 20 миң сомду түзөт. Мындай пенсияны алгандар жалпы пенсионерлердин санынын 0,2%ын түзөт.

Белгилей кетсек, пенсияга кошумча төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий