• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соцфонд: Январь айында пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 3,9 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 2020-жылдын январь айында 3 млрд 931 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.

Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:

- Бишкек шаары — 635,7 млн сом;

- Чүй облусу — 609,1 млн сом;

- Нарын облусу — 316,3 млн сом;

- Ысык-Көл облусу — 355,5 млн сом;

- Талас облусу — 162,4 млн сом;

- Ош шаары — 141,2 млн сом;

- Ош облусу — 727,7 млн сом;

- Баткен облусу — 315,3 млн сом;

- Жалал-Абад облусу — 667,8 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий